09:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Айнура Акматова: Жүрөк оорусу барлар күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичүүсү керек

Өз алдынча үйдөн дарыланып антибиотик каражаттарын жана «Дексаметазон» даарысын колдонуу өтө кооптуу. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, жүрөк оорусу барлар күнүнө эки литрден кем эмес суу ичүүлөрү керек.

«Коронавирус илдетине кабылгандардын тамакка болгон табити жоголот. Ошого карабастан суюктукту көп ичип, тамак-аш, жер-жемиш, жашылча салаттарын көбүрөөк жегенге аракет кылыңыздар. Эгерде кимдин дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө сөзсүз 118 номуруна чалып, медицина борборлоруна кайрылыңыздар», — дейт Айнура Акматова.

Ал дарыгерлердин гана жазып берген рецепттери менен гана дарылануу керектигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар