20:32
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Пневмониянын жеңил түрү менен ооругандарга тамчылатма дарынын кереги жок

Кыргызстандагы коронавирус жана пневмония илдеттерине каршы күрөшүүгө келген россиялык адистер Бишкек жана Ош шаарларында иштеп жатат.

«Роспотребнадзор» борбордук-эпидемиологиялык институтунун директорунун клиникалык жана аналитикалык иштери боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору, жугуштуу оорулар боюнча профессор Наталья Пшеничная 24.kg агенттигине пневмония менен ооруган бейтаптарга кайсы учурда тамчылатма дары сайылышы керектигин айтып берди.

Анын айтымында, илдеттин жеңил түрү менен ооруп жаткандар үчүн тамчылатма дары сайдырууга муктаждык жок. Таблеткаларды ичүү жетиштүү.

Наталья Пшеничнаянын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияны илдеттерин дарылоонун төртүнчү протоколу иштелип чыгууда. Демек, өлкөдө пандемия жаңы гана башталып жатат.

«Инфекциянын чокусунан өткөн мамлекеттер сегизинчи жана тогузунчу протоколдорду колдонуп жатышат. Алар дайыма өзгөрүлүп турат. Коронавирус жана аны дарылоо ыкмалары дагы толук изилденип бүтө элек», — деп баса белгиледи Наталья Пшеничная.

Эске сала кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова протоколдор оорунун жүрүшүнө жана айрым дары-дармектердин белгилүү бир натыйжалуулугуна кайрай жаңыртылып турарын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар