16:03
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жети саламаттык сактоо мекемеси капиталдык оңдоодон өттү

Жети саламаттык сактоо мекемеси капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын курулушу республикалык бюджеттен, жана «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фондусунан» каржыланды. Объектилердин долбоордук кубаттуулугу — 595 койка-орун.

Медициналык мекемелерде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Ошондой эле полдорун жаңы линолеумга алмаштырып, жылуулук системасы жасалган. Андан сырткары, чатырдын, электрмонтаж, сантехника, вентиляция жана жылытуу жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

Алардын тизмеси:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы № 59 техникалык лицейдин профилин 150 орундуу стационарга өзгөртүү;

2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндөгү 90 койкалуу поликлиниканы оңдоп түздөө;

3. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборуну оңдоп түздөө;

4. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы оңдоп түздөө жумуштары;

5. Чуй облусунун Кемин районунун Орловка шаарчасындагы 45 орунга ылайыкталган оорукананы капиталдык оңдоп түздөө;

6. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын 150 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоп түздөө жумуштары;

7. Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоп түздөө жумуштары.

Эң көп окулган жаңылыктар