06:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги мобилдик топторго төрт ай ичинде 33 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн

Төрт айдын ичинде Бишкектеги мобилдик бригадалар 33 миңден ашык бейтапка жардам көрсөтүшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ушул мезгил аралыгында 523 бейтап ооруканага жаткырылган, 35 миң 149 адамдан ПЦР-тест алынган.

«Азыр 26 мобилдик медициналык топ иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, алар шаар тургундарына барып алгачкы текшерүүдөн өткөрүшөт, бирок мындан ары алар ПЦР-тест алышпайт», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Шаардык мэрия март айынын аягында «Бейтап- call центр 118 — саламаттыкты сактоо тутуму» алгоритминин ишке киргизилгендигин кошумчалады.

«Курамында эпидемиолог жана лаборанттарды камтыган 40 медициналык топ түзүлгөн, ар бир райондо 10 дарыгер кызмат кылды. Алар 25-марттан тарта иштеп башташты», — деп берилет маалыматта.