22:50
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Күндүзгү стационарларга эки күндүн ичинде 3,5 миң бейтап кайрылган

Бишкектеги күндүзгү стационарларга 4-июлдан 6-июлга чейин 3 миң 436 бейтап кайрылган. Алардын ичинен төртөө көз жумган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө оорулууларды 32 дарыгер, 13 ординаттар, 63 медайым, санитарлар жана ыктыярчылар кабыл алып жатышат.

«Жеке секторлордун колдоосу менен ар бир стационарда кычкылтек концентраторлору орнотулган: Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 10 даана, «Газпром» дене-тарбия — дарылануу комплексинде 8, Чыгыш-5 районундагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде 10, «Бишкекнаабайкана» муниципиалдык ишканасында 9 концентратор бар», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, күндүзгү стационарлар 4-июлдан тартып бейтаптарды кабыл алып башташкан. Ал жактан жарандар ийне сайдырып, тамчылатма дары куйдуруп, медициналык кызматкерлерден кеңеш ала алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар