20:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Суу районунда чагылган түшүп 13 жашар бала каза болду

Кара-Суу районунда чагылган түшүп 13 жашар бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
 
Анын айтымында, каза болгон бала жайлоодо мал кайтарып жүргөн.
 
«Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-июль күнү кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, кырсыктын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган өспүрүм бала каза болду. 21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча 18:45те күндүн күркүрөшү башталып 21:40 ка чейин уланган. Прогноз боюнча Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөрү айтылган», — деп берилет маалыматта.
Эң көп окулган жаңылыктар