11:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ден-соолук паркында футбол аянтчасы жана велодром курулат

Бишкектеги Ден-соолук паркынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, эс алуу паркынын аянты 10 гектардан ашык. Учурда тротуарлар менен аллеялар түшүрүлүп, 300 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, медициналык пункт жана жуунучу жайлар курулуп, 115 отургуч орнотулду. Түндүк тарабында Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жаңы жол пайда болду.

«Азыр спорт аятчасын куруу иштери жүрүп жатат, анда футбол, баскетбол, ири шахмат тактасы жана велодром түшүрүлөт. Резина менен курчалып турган жердин баарына вело жолдору түшүрүлөт», — деп берилет маалыматта.

Жаңы парк Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан мурдагы Сүйүү паркынын ордуна курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар