19:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткен шаарында заманбап мал базары курулду

Баткен шаарында заманбап мал базар курулду. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базардын курулушу үчүн 22,8 миллион сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Бардык шарттар түзүлүп, тийиштүү адистер базарга кирген малдарга көзөмөл жүргүзүп турат. Ал Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот.

Учурда базардын айланасы тосулуп, атайын административдик имарат, тротуарлар, мал байлоочу жайлар, бастырмалар курулуп бүттү.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски мал базары шаардын так ортосунда жайгашып тургандыктан, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 гектар жер аянты бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар