Экономикалык кыдмыштуулакка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине финполдун пресс-кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, анын суракка чакырылуусунун себеби, коррупция жана фармацевттик компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөн кылмыш ишине байланыштуу. Тергөө учурда иштин чоо-жайын аныктоодо.
Буга чейин, ушул эле кылмыш ишинин негизинде мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди дагы суракка чакырылган.