19:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адахан Мадумаров суракка чакырылды

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 14-январда эртең менен Башкы прокуратурага суракка кирди. Башкы көзөмөлдөөчү орган бул маалыматты бышыктады, бирок кайсы маселеге байланыштуу сурак берип жатканы тууралуу азырынча комментарий берген жок.

Айрым бир тактала элек малыматтарга караганда, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу чакырылды. Ал документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстанда 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.

Былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар