USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Адахан Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылды

14:57, 13 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Депутат Адахан Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылды. Элмурат Калыбеков маалыматты 24.kg агенттигине тастыктады.

Эл өкүлүнүн жээни ага УКМКнын кызматкери телефон чалып, бүгүн саат 15:00дө суракка чакырганын белгиледи. Элмурат Калыбековго чакыруу кагазы жиберилген эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн журналист Канышай Мамыркулова да суракка чакырылган. Анын айтымында, ал Адахан Мадумаровдун тууганы да, колдоочусу да эмес, болгону саясатчыны колдогон митингдин жанынан өтүп бара жатып, катышуучулар менен учурашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика