23:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кайрат Примбердиев: Шайлоодо ырдаганым үчүн уялам жана элден кечирим сурайм

Эстарада ырчысы Кайрат Примбердиев мындан кийин шайлоо оюндарында ырдап чыкпай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Кайрат Примбердиев буга чейин шайлоо алдында ырдагандыгы үчүн элден кечирим сураган.

«Мен дагы буга чейин шайлоо алдында концерттерде ырдап жүргөнүм үчүн уялам жана кыргыз элинен кечирим сурайм. Мындан кийин шайлоонун шайтан оюндарына катышпайм», — деп жазган ал.

Эске сала кетсек, буга чейин ырчы Съездбек Искеналиев ушул таризде пост жазган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар