18:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Жеңиш парадына катышат

Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, иш сапардын алкагында президент Москвадагы Кызыл аянттагы аскер парадына жана Кремль дубалындагы Белгисиз солдаттын күмбөзүнө гүл коюу аземине катышуусу пландаштырылууда.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун дал ушул күнү, 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Эскерте кетсек, Москвадагы өтө турчу Жеңиш парадына катышуу үчүн Кыргызстандын Улуттук гвардиясынан 79 аскер кызматкери жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар