16:47
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Улуттук гвардиянын он жоокерине вирус жукту. Москвадагы парадка башкалар барат

Улуттук гвардиянын он аскеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти. Маалыматты Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы дагы ырастады. 

Алардын айтымында, вируска чалдыккандар менен байланышта болгондордун баары обсервацияга жаткырылды.

Жоокерлер 24-июнда Москвада өтө турчу Улуу Жеңиш парадына катышмак. Алардын ордуна эми башкалар жөнөтүлөт. 

Генералдык штабдын маалыматында, коронавирус жугузган жоокерлердин баары камсыздандыруу бөлүгүндө иштешет.

«Коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Жеңиш парадына резервдик бөлүктү жөнөтүү чечими кабыл алынды. Боло турган иш-чарага катышуу үчүн машыгуу үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат», — деп билдирет штаб.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 166га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар