18:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Россияда жети миңден ашуун кыргызстандык кайтып келүүнү суранышууда

Россияда жети миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтып келүү боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Анын айтымында, жети миң кыргызстандыктын ичинен болжол менен төрт миңи Россияда билим алып жаткан студенттер.

«Элчилик баарынан сабырдуу болууну жана коронавирус пандемиясынан улам эл аралык аба каттамдары токтогондугуна байланыштуу кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Мындай сандагы жарандардын кетишин тез арада камсыз кылуу физикалык жактан мүмкүн эмес», — деп берилет маалыматта.

Алар ар жумада Москва — Ош жана Москва — Бишкек эки аба каттамды ачууну пландап жатышкандыгы такталды. Россиянын аймактарынан учууларды уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү алар Якутиядан жана Санкт-Петербургдан учууну уюштурушат.

Эң көп окулган жаңылыктар