19:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекке Екатеринбургдан 191 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 191 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу келишкен.

«Урал федералдык округунда окуган студенттер жана Екатеринбург, Кургана, Салехарда, Ханты-Мансийск, Ноябрск, Новый Уренгой жана Перми шаарларында жашаган жарандар, анын ичинде ар кандай оорулары бар адамдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер, карылар, кош бойлу аялдар жана кичинекей балдары бар аялдар келишти», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума