15:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Россияда кыргыз кыздарын жазалоо боюнча кайрылгандарга издөө жарыяланды

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргыз кыздарына карата зордук-зомбулук аракеттерине үндөгөн фактыларды текшерүүнү баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Такталгандай, кыргыз кыздарына карата чагымчыл видеоролик социалдык тармактарда кечээ пайда болгон.

«Жакынкы аралыкта Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргыз диаспорасы менен жолугушуп, мекендештердин мындай билдирүүлөрүн токтотуу боюнча аракеттерди талкуулашат. Биз бул тууралуу дароо толук маалымат беребиз», — деп билдирди элчилик.

Белгилей кетсек, Россияга иштегени барган жаштардын дагы бир тобу, Москвада чет элдиктер менен жолугушууга барган кыздарды жазалоого үндөгөн. Алардын Россиядагы мигранттарга кайрылуусунун видеосу социалдык тармакта жарыяланды.

Эске сала кетсек, 2016-жылы Москвада кыргызстандык жаш жигиттерден турган топ пайда болуп, алар кыргыз кыздарына кол көтөрүп, аларды кемсинткен сурактарды уюштурушкан. Айрым кыз-келиндер катуу сабалган.

Алар колго түшүрүлүп, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аларды тартипке чакыруу иретинде сүйлөшүү жүргүзүп кайра бошотуп жиберишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар