07:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызсандын ЕАЭСтеги өкүлдөрү өлкөгө дагы 14 кычкылтек концентратор жөнөтүштү

Саламаттыкты сактоо министрлигине дагы 14 кычкылтек концентратор берилди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Медициналык жабдууларды Евразия экономикалык комиссиясында иштеген кыргызстандыктар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп жаткандыгына байланыштуу өз эсептеринен жардам катары сатып алып Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Кычкылтек концентраторлору коронавирустук инфекцияны дарылоодо өтө маанилүү, жана сатып алынган аппараттар медициналык кызматкерлерге COVID-19 диагнозу менен ооруп калган бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Аппараттар өлкөдөгү ооруканалар аралык мекемелерге бөлүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума