13:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвадагы кыргызстандыктар төрт жаштагы баланын өмүрүн сактап калышты

Россиянын Подольск шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык жарандар 4 жаштагы баланын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.⠀

Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда саат 11:00 чамасында болгон.

«Кыргызстандык жарандар 3-кабаттын терезесинен кулайын деп калган төрт жаштагы баланы куткарып калышты. Алар иш учурунда баланын кыйкырган үнүн угуп, ал жерге барышкан. Андан соң жумушка пайдаланып жаткан кездемени дароо жайып, баланы тосуп калышкан. Натыйжада бала кыргызстандык жарандар тоскон кездемеге түшүп, оор жаракат алган эмес. Андан 3 мүнөттөй убакыттан кийин медициналык тез жардам кызматы менен өрт өчүргүчтөр келген», — деп берилет маалыматта. 

Күбөлөрдүн айтымында, бала терезеде кармалып турганга күчү калбай калганда жерге кулаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя учурунда баланын апасы мас абалында үйүндө уктап жаткан. Алардын үйүндө ден соолугунан жабыркаган чоң апасы жана 1 жаштагы бала бар экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар