09:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекке Россиядан 186 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке бүгүн Россиянын Новосибирск шаарынан 186 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.

Маалым болгондой, кыргызстандыктар «Авиатраффик» авиакомпаниясы аркылуу келишкен. Алардын арасында жаш балдар дагы бар.

«Жүргүнчүлөрдүн тизмелери алардын абалдарына карата түзүлдү. Алардын арасында 19 кош бойлуу аял, 10 жаш бала, 57 студент бар», — деп берилет маалыматта.

Кыргызстанга кайтып келгендердин баары медициналык байкоодон өтүшөт жана обсервацияга жайгаштырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума