00:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик байланыш комитетинин орун басары Максат Жылышбаев камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин орун басары Максат Жылышбаев УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар маалымдашты.

Такталгандай, Максат Жылышбаев 12-июлга чейин камакта болот. Анын мыйзамсыз сатылган радио жыштыгынын кылмыш ишине катыштыгы бар деп териштирилүүдө.

Эске сала кетсек, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин тергөөдө. Иштин алкагында аталган башкармалыктын экс-башчысы Наталья Черногубова кармалып УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызматкерлери мыйзам бузуу менен оператордун лицензиясын жасашкан. Бул мамлекеттин кызыкчылыгына доо келтирген. Кийинчерээк бул иштин алкагында алар УКМКнын кызматкерлерин, ошондой эле Ala-TVнын стратегия жана өнүгүү боюнча директору Дмитрий Ветлугинди жана Ala-TVнын негиздөөчүсү Артур Халдаровду кармашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума