21:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жол кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана дарыгер жабыркаган

Бишкектеги тез жардам унаасы менен КамАЗдын кагылышуусунан улам үч адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук кызматы 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, эки унаанын айдоочулары жана тез жардам унаасынын ичиндеги дарыгер жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Жол кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 13:40 чамасында тез жардам унаасы чакыруу боюнча бара жатканда КамАЗ сүзүп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар