23:45
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз темир жолунун экс-директору УКМКнын тергөө абагына жөнөтүлдү

Сот «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экс-директору Канатбек Абдыкеримовду УКМКнын тергөө абагына жайгаштырды. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук соту 24.kg агенттигине маалымдады.

Такталгандай, соттун чечими менен Канатбек Абыдкеримов УКМКнын тергөө абагында 4-августка чейин кармалаары белигилүү болду.

Эске сала кетсек, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында жемкорлук фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн билдирмеси боюнча, 2018-жылдын ноябрынан 2020-жылдын апрелине чейин мамлекеттик ишкананын кошумча кассасына ай сайын болжол менен 8-9 миллион сом топтолгон, анын 50 пайызы башкы директор колуна, ал эми калганы жогорку жана орто менеджерлердин ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар