22:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Таласта мыйзамсыз айлык чегирип алган медициналык уюмдун жетекчиси кармалды

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда,  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы медициналык практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар