21:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте Сауд Арабиядан келген туристтин 20 миң долларын тоноп кетишти

Бишкекте Сауд Арабиядан келген туристтин 20 миң долларын тоноп кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Маалыматка караганда, чет элдик жаран 22-июль күнү «Амбасадор» мейманканасына жайгашкан.

«Аларды айдоочу ресторанга түштөнүүгө алып кеткен. Кайра мейманканага кайтып келгенде сейф ачылып, ичинде 20 миң доллардын ордуна бир доллардык купюралар турганын байкашкан. Милиция келип, бармак изин алган эмес», — дейт окурман.

Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, учурда тергөө иши жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар