06:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алымкадыр Бейшеналиевге каршы 8 кылмыш иши боюнча тергөө уланууда

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы 8 кылмыш ишин тергөө уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Алардын маалыматында, ИИМдин Тергөө абагы коррупция, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүдө. 

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди 2-июнда кармаган. Ага каршы 7 кылмыш иши козголгону маалымдалган. Президент Садыр Жапаров тергөө мезгилинде Бейшеналиевди кызматтан чечтетти. Учурда ал үй камагында. 



Эң көп окулган жаңылыктар