16:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

19 жаштагы кыз 1600 сомдун айынан камакта отурат

19 жаштагы кыз 1600 сом үчүн 3 айдан бери тергөө абагында отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр жетишпегендиктен, алдамчылыкка шектелген кыздын иши ордунан жылбай жатат.

«Тергөөчүлөрдүн иши көп. Бир кишиге 50-80 ден кылмыш иштери туура келет экен. Күнүнө кошулуп чогула берет. Тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иш алып баруу керек. Аз акча үчүн алдамчылыкка шектелгендер көп. 1600 сомдун айынан камакта отурган кыздын окуясы бир эле мисал. 20 миң сом үчүн көптөн бери отургандар бар экен, аларды кармаганга андан көп акча кетип жатпайбы. Жарандык мамилени алдамчылык боюнча кылмыш ишине айлантпай, өтө маанилүү эмес кылмыш иштери болсо, тосмо арыздарды жаздырып, бири-бири менен сүйлөштүрүп, ушул жаатта көрсөткүчтөрдү койсоңор болмок. Антпесе, тергөө абагында орун калбай калыптыр», — деди Жамгырчиев.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, тергөө кызматы ар бир факты боюнча талдап иш алып барат.

«Бир нече кылмыштарга шектүүлөрдү же тергөө амалдарынан качкандарды, ишке каршылык көрсөткөндөрдү камоого туура келүүдө», — деди Абдиев.

Депутат Эмил Жамгырчиев тергөө абагында отургандардын иши боюнча инвентаризация жүргүзүүнү сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар