08:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Күйөөсүн өлтүрүп 9 жылга эркинен ажыратылган аялды туугандары коркутуп жатышат

Жолдошун өлтүргөндүгү үчүн тогуз жылга эркинен ажыратылган Гүлжан Пасанованы маркумдун туугандарды коркутуп жатышат. Алар Ош шаардык сотунун өкүмү боюнча аппеляциялык арызды кайтарып алууну талап кылышууда. Бул тууралуу анын адвокаты Мухайе Абдураупова билдирди.

Анын айтымында, Гүлжан Пасанованы жана анын өзүн дагы коркутушкан.

«Алар бизди кезеги менен өлтүрүүнү убадалап жатышат», — дейт юрист.

Буга чейин Кыйноолорго каршы коалициясынын адвокаттары биринчи инстанциядагы өкүмгө нааразычылыктарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Гүлжан Пасанова жети жыл бою өзүнөн 20 жаш улуу күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдап келген. Бир дагы жолу милицияга кайрылган эмес.

Каргашалуу окуя болгон күну да күйөөсү сабап баштаган. Аял өзүн коргонуу максатында темир таяк менен күйөсүн бир нече ирет чапкан. Жолдошу эсин жоготуп жатып калган, бир нече сааттан соң ооруканада көз жумган. Ал эми Гүлжан Пасанованы күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда камакка алышкан.

Ош шаардык сот аял өзүн-өзү коргонуу иретинде бул кадамга баргандыгын эске алган эмес.

Эске сала кетсек, ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65 пайызга көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар