18:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мектептерде жана бала-бакчаларда балдардын тамактануу түзүмүн түзүү сунушталууда

Бишкек шаардык мэриясы мектептерде жана бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу үчүн өзүнчө түзүм түзүшү керек. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда депутат Рысбай Аматов билдирди.

«Мугалимдер балдарды окутушу абзел, ал эми окуучуларды тамактандыруу менен башка адистер алектениши керек. Мен өзүмдүн пикиримди колдоо менен аткаруу бийлигинен балдардын тамактануу уюмун түзүүнү талап кылам», — дейт Рысбай Аматов.

Депутат кошумчалагандай, бүгүнкү күндө билим берүү башкармалыгы эсептөөлөр, рецепттер менен алектенет.

«Бирок силер тамактануу боюнча адис эмессиңер. Стратегияны, жол картасын иштеп чыгуу үчүн, аларды тартып чыгуу керек. Алар андан көрө тамак-аш комбинатын түзүп, ашканаларды ижарага берүү же жалданма жумушчуларды иштетүү жакшы деп айтышат », - деп сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар