22:52
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстан Кувейт менен маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга макулдашты

Кыргызстан Кувейт менен маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга макулдашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
 
Маалыматка караганда, III экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында, Эль-Кувейт шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Кувейт мамлекетинин Маалымат министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Мазен Али Аль Ансари мырза менен жолугушту.
 
Жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу министрликтер ортосунда мурда кол коюлган келишимдин негизинде эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы ишти негизинде жигерилештирүү зарыл экендигин белгиледи.
 
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн туристтик дараметин ЖМКда чагылдыруу, кеңири жана эркин маалымат алмашуу, телерадиоберүү жана басма сөз жаатындагы адистерди алмашуу жана башка маселелерде бири-бирин колдоо боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.
 
Бул макулдашуулар эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштардын, каада-салттарынын жана достук мамилелери аркылуу жетишилген, бул өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, урматтоого жана ишенимге негизделген мамлекеттердин ортосундагы достук өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү үчүн чоң маани берет.
Эң көп окулган жаңылыктар