18:31
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Казакстандан куулган «путинчил орусиялык поп-жылдыздар» Ташкентте концерт берет

«Z-батальону» же «Путинчилердин бандасы» деген атка конгон орусиялык «Жара» музыкалык фестивалы быйыл Ташкентте өтөт. Алардын турнесине Азербайжан менен Казакстанда тыюу салынган. Согушту ачык колдогон орус жылдыздарын Батыш өлкөлөрү да кабыл албай келет.

Отузга жакын орус артисти катыша турган музыкалык фестивалдын концерти 23-майда «Жаңы Өзбекстан» паркында өтөт.

Ташкентте «Жара» фестивалы өтөрү бир жума мурун кабарланган. Анда уюштуруучулар төмөндөгүдөй билдирүү тараткан:

«Русофобиялык маанай иш-чараны өткөрө турган жерди өзгөртүүгө аргасыз кылууда: 9-12-мартта Алматыда өтүшү керек болгон «Жара» фестивалы Ташкентте өтөт. Буга казак соцтармактарындагы активдүү русофобия себеп болду».

Орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун Германияга пландаган турнеси болбой калган. Бирок өзбек бийлиги Ташкентте Крикоровдун концертин өткөрүүгө тоскоол болгон жок.

Талдоочулар орус фестивалын Азербайжан, Казакстан же Өзбекстанда өткөрүү аракети бул өлкөлөрдө Орусиянын таасирин арттыруу экенин белгилешүүдө.

«Оздолик» радиосу Маданият жана туризм министрлигиндеги өз булагына таянып кабарлагандай, Ташкентте «Жара» фестивалын өткөрүүгө президенттин тун кызы Саида Мирзиёева уруксат берген.

Эң көп окулган жаңылыктар