15:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте «Оймо-2023» эл аралык фестивалы башталат

27 июлда Бишкекте «Оймо-2023» XVII эл аралык салттуу маданият жана устачылык фестивалы башталат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль жыл сайын июль айынын акыркы аптасында Бишкекте башталып, андан соң Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. 2006 жылдан баштап иш-чарага Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан, Түркменстан, Турция, Азербайжан, Афганистан, Индия, Кытай, Россия, Иран, АКШ жана Мексикадан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, артисттер жана ишкерлер катышып келет.

Ал 27-30-июль аралыгында Бишкекте Курманжан Датка эстелигинин алдында өтөт. Ал эми 1-3-августтарда Тамчы айылдык администрациясынын алдында уланып, 4-6-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо жыйынтыкталат.

Коноктор ярмаркаларды, көргөзмөлөрдү, этно-фэшн-шоулорду көрүү менен бирге мастер-класс, конференцияларга катышып улуттук тамактардан даам сыза алышат.

«Оймо» фестивалын «Кыргызстандагы Борбор Азия ассоциациясынын устачылыкты колдоо ресурстук борбору —CACSARC-kg» коомдук фонду өткөрүп келет. 2019-жылы аталган фестиваль туризм тармагындагы Kyrgyz Tourism Awards конкурсунда эң мыкты проект деп табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар