18:27
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

COVID-19дун жаңы эки учуру катталды

Кыргызстанда 9-январдан 15-январга чейинки аралыкта COVID-19дун эки жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, эки бейтап тең амбулатордук шартта дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, акыркы бир жуманын ичинде бардык аймактар жашыл зонада болду.

«Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар