17:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Россия чек ара чыры. Дагестандыктар чек арадан өткөрүүнү талап кылышууда

Дагестан менен Россиянын чек арасында чыккан жаңжалдан төрт милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу ТАСС маалыматтык агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, чек ара чыры азербайжандыктардын мекенине өткөрүү талабынан келип чыккан.

Жабыркаган милиция кызматкерлери аймактык ооруканага жеткирилген. Аны менен катар алардын атайын кызматтык унаалары да талкаланып калган.

Дербент районунун башчысынын орун басары Фуад Шихиевдин айтымында, коронаивруска байланыштуу Россия чек араларын жапкан, бирок мигранттар өлкөдөн чыгарууну талап кылышкан. Учурда жаңжал басаңдап күйнөөлүүлөр милиция бөлүмүнө жөнөтүлүп, окуя болгон жер бийликтин көзөмөлүнө алынган.

Буга чейин мекенине кайтууга түзүлгөн тизмеге кирбей калган азербайжандыктар башаламандык уюштурушкан. Анын кесепетинен эки тарап мушташууга чейин барышкан. Укук коргоочулар окуяны басаңдатуу үчүн эскертүү огун чыгарууга мажбур болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар