11:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы: дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 1,11 чакырым чек ара сызыгы боюнча макулдашуу тапканын министрлер кабинети 18-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, макулдашуу 11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйынында кабыл алынган. Министрлер кабинети жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнүн белгиледи.

Тараптар кийинки жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүшмөкчү.

Кыргызстан менен Тажикстан былтыртан бери чек араны тактоо иштерин активдештирген.

Буга чейин эки тараптын расмий өкүлдөрү чек аранын 90 пайызы макулдашылганын билдиришкен.

5-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандагы сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолуккан учурда акыркы төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашуу табылганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар