11:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылды

Баткен шаарында топографиялык жумушчу топтордун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар