19:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун жолугушуусу өттү

25-февралдан 3-мартка чейин Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Буга чейин февраль айынын ортосунда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 1,1 чакырымын макулдашканы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар