05:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Ак-Шумкар» дүйнөлүк рейтингде 96-орунду ээлеп, алдынкы жүздүккө чыкты

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жарыялаган рейтингинде 96-орунда турат.

Анда жалпы 210 команда бар. Алдыңкы үч орунда Бельгия (1765 упай), Франция (1733) жана Бразилия (1712) турат.

Коронавирустун айынан курама командалардын оюну өткөрүлбөй келет. Жылдырылган мелдештердин арасында дүйнөлүк чемпионатка тандоо-2022 жана Азия Кубогу-2023 оюну бар, бул беттешке кыргызстандыктар да катышат. Кырдаалга карабастан, пандемия учурунда ФИФАнын рейтинги эки жолу жарыяланган. Кийинки жарыя 16-июлда чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар