16:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекке Ирандан үч кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Ирандан үч кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар ирандыктардын Kish Airlines авиакомпаниясынын чартердик аба каттамы аркылуу Эл аралык Алматы аэропортуна конушкан. Ал жактан Бишкекке атайын даярдалган унаа менен алынып келинди.

Ирандан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар