02:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Күздө өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрына белгиленген, коронавирустун байланыштуу жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков журналисттерге билдирди.

Дастанбек Жумабековдун айтымында, массалык түрдө өткөрүлүүчү иш-чаралар анын ичинде шайлоо да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды.

«Өзгөчө учур Конституцияда каралган. Өзгөчө абал учурунда парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө болбойт. Эгер күзүндө кырдаал начарлап кетсе кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө туура келет, анда шайлоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Бул илдеттен эртерээк кутулуу үчүн баарыбыз санитардык нормаларды сактап, коронавирус менен күрөшүшүбүз керек», — дейт сапикер.

Эске салса кетсек, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар