09:23
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкекке Минсктен 179 кыргызстандык кайтып келди

Минск-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен Беларуссиядан 179 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын маалыматында, Белоруссиядан сырткары, Европа жана Азия өлкөлөрүндө калып калган кыргыз жарандары дагы транзит менен Минск шаарына келип, Бишкекке учуп келишти.

«Аталган каттам менен Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланддар, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядагы Кыргызстандын жарандары учуп келди», — дейт штаб.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европадагы Кыргызстандын чет элдик мекемелерине буга чейин келип түшкөн арыздарга ылайык түзүлгөн.

Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде калып, Мекенине кайтууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар