22:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекке Индиядан 16 кыргызстандык алынып келинди

Бишкекке Индиядан 16 кыргызстандык келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн борбор калаага Air India авиакомпаниясынын чартердик рейсинин Дели — Бишкек каттамы конду.

«Келишимдин негизинде аталган рейс менен 16 мекендешибиз Кыргызстанга алынып келинди», — деп берилет маалыматта.

Учурда, Индиядан келгендер медициналык текшерүүдөн өтүп, обсервацияга жайгаштырылды.

Февраль айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден он миңден ашуун адам жеткирилген. Учурда дагы 50дөн ашык мамлекетте мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктар бар экени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума