20:59
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жол киренин баасын көтөргөн таксисттерге чара колдонулат

Жол акысын көтөрүп жаткан таксисттерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигин пресс-кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.

Бул жагдай боюнча «Кыргыз автобекети» мамлекеттик мекемеси шаар аралык каттаган таксисттерге тушүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, автобекеттин директору «Ош, Ыссык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жол акысы көтөрүлгөн жок. Эгер айдоочулар бааны көтөрө турган болсо буга байланыштуу чаралар көрүлөт», — деген.

Буга чейин 24.kg агенттиги таксиситтердин жол акысын кымбаттаганына күбө болсо Финансы полициясына кайрылууго болоорун жарыялаган.

Эске сала кетсек, Бишкектик жаран, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна баруу үчүн мурда 600 сом болсо азыр 1,500-2000 сомго чейин көтөрүлүп кеткендигин 24.kg агенттигине кайрылып, нааразычылыгын билдирген .

Эң көп окулган жаңылыктар