USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Жол киренин кымбатташына макулсузбу (сурамжылоо)

11:11, 10 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы жол кире акысын жогорулатуу маселесин кайра көтөрдү. Мекеменин сайтында тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган.

Колдонуудагы тарифтер жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканаларды керектүү көлөмдөгү каржы менен камсыздабаганы белгиленет. Коомдук транспорттун кирешелүү эместигинен улам, анын курамын жаңыртуу мүмкүн эмес болууда.

Борбор калаада акыркы жолу жол кире бир жыл мурун көтөрүлгөн. 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап жол акысы троллейбустарда жана автобустарда 11 сом, ал эми маршруткаларда 15 сомду түзөт.
Жол кире канча сомго кымбаттайт, азырынча белгисиз.

Социалдык тармактын колдонуучулары тарифтер жогорулаганы менен маршруткалардагы шарттар дээрлик жакшырбай жатканына нааразы.

24.kg агенттиги бул тууралуу окурмандардын пикирин билүүнү чечти.

Жол киренин кымбатташына макулсузбу?

  • a:4:{i:0;a:4:{s:5:"count";i:16;s:5:"title";s:8:"Ооба";s:2:"id";i:0;s:4:"proc";d:25;}i:1;a:4:{s:5:"count";i:47;s:5:"title";s:6:"Жок";s:2:"id";i:1;s:4:"proc";d:71;}i:2;a:4:{s:5:"count";i:1;s:5:"title";s:26:"Мага баары бир";s:2:"id";i:2;s:4:"proc";d:1;}i:3;a:4:{s:5:"count";i:1;s:5:"title";s:24:"Мен жөө жүрөм";s:2:"id";i:3;s:4:"proc";d:1;}}

Опрос проводился на 24.kg и завершён.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика