12:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Вице-мэр: бишкектиктердин жарымынан көбү жол киренин көтөрүлүшүн колдойт

Бишкектин тургундарынын жарымынан көбү коомдук транспортто жол киренин көтөрүлүшүн колдойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Ал белгилегендей, ошол эле учурда шаардыктар коомдук транспортто ыңгайлуу шарттарды түзүп, каттамдардын санын көбөйтүүнү жана автобустардын саат 5:30дан баштап 23:00гө чейин иштөөсүн суранышууда.

Эске салсак, жол кире тарифин жогорулатуу тууралуу БШКнын токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган. Троллейбуста, автобуста (менчигинин түрүнө карабастан) жана кичи автобустарда жол кире акысын 20 сом деп бекитүү сунушталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар