05:40
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Алматыда карантин тартиби күчүнө кирди

Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу карантин тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарынын кире беришине 27 өтмөк посттор орнотулат.

«Өтмөк постторго полициянын кайгуул полкунун күчтөрү, ыкчам аракеттеги атайын курамы, Улуттук гвардия жана коргоо министрлигинин бөлүмдөрү жайгаштырылды. Ошондой эле шаарга керектелүүчү каражаттарды, азык-түлүк, дары-дармек, гигиена жана коргонуу зарылчылыгын киргизүү үчүн «жашыл өтмөк» ачылат», — дейт Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагынтаев.

Көчөлөр жана тротуарларлар дезинфекцияланат. Алматы шаарына кирип же чыгып кетүүгө жарандарга 72 саат убакыт берилди.

Эске сала кетсек, Казастандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби