19:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Путин менен Эрдоган 5-мартта Москвада жолугат

Орусия жана Түркия президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 5-мартта Москвада жолугушат. Бул маалыматты Кремль менен түрк президентинин администрациясы ырастады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери Сириянын Идлиб аймагындагы абалды талкуулашат. Акыркы күндөрү бул аймакта түрк аскерлери менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланууда.

Сириядагы согушта Орусия президент Башар Асадды, Түркия куралдуу оппозицияны колдоп келет. 2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге кайрадан сокку ура баштаган. Бул чабуулдар маалында Түркиянын көзөмөл пункттарына да ок тийип, бир нече түрк аскери мерт болгон. Буга жооп катары Анкара Идлибге кошумча күчтөрүн киргизип, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө сокку ура баштаган. Жекшемби күнү Түркиянын Аскер-аба күчтөрү Сириянын Су-24 үлгүсүндөгү эки учагын атып түшүргөн. Көп өтпөй Орусия мындан ары түрк учактарынын Сириянын аба мейкиндигиндеги коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, февралда Сирияда 50дөн ашык түрк аскери каза болду. Анкара жооп катары аба соккуларын жасап, Асад армиясынын жүздөгөн жоокери өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар