17:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи өттү

Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашып, Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Саламдашуу аземи аяктагандан кийин эки өлкөнүн лидерлери чогуу сүрөткө түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар