19:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Путин КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен декабрдын аягында жолугушууну пландоодо

Орусиянын президенти Владимир Путин декабрдын аягында Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары менен бейформал жолугушуу өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

«Өз өлкөңүздөрдүн башчыларына салам айта барышыңыздарды өтүнөм. Алар менен декабрдын аягында Санкт-Петербургда өтө турган Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусунда көрүшүүнү пландап жатам», — деди Путин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынынын катышуучуларына кайрылып.

Ал 1-январда КМШга төрагалык кылуу Орусияга өтөрүн айтып, искусствонун, билим берүүнүн жана илимдин түрдүү багыттары боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын улантуу жана өнүктүрүү пландалып жатканын билдирди.

«Кино жана теле долбоорлорду ишке ашырууну, классикалык жана заманбап музыканын сынактарын уюштурууну ар тараптан колдойбуз. Орусия буга чейин бул сыяктуу бир топ демилгелерди көтөргөн. Алардын арасында Евразия киноискусство академиясын түзүү, Евразия киносыйлыгын негиздөө жана эл аралык «Интервидение» ыр сынагын кайра калыбына келтирүү демилгелери бар», — деди Путин.

Мындан тышкары ал Орусия КШМда төрагалык кылып турган учурда орус тилин сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Ноябрдын аягында КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммити 26-декабрда Санкт-Петербургда өтөрүн билдирген. Анын айтымында, Путин кесиптештерин салтка айланып калган жолугушууга «бейформал форматта сүйлөшүп, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана пикир алмашуу» үчүн чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар