15:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Россия Кыргызстанга убада кылган 30 миллион долларды берди

Россия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн доллар грант бөлгөн. Маалымат өкмөт тарабынан жарыяланганын Economist.kg басылмасы билдирди.

Жардам республикалык бюджеттин каржы чыгымдарын жабууга, социалдык объектилерди жана аскер кызматкерлерди үчүн турак-жайларды курууга, социалдык тармактагы айлык акыларды төлөөгө жумшалат.

Грант бөлүү боюнча келишимге Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар